Жаңы автобекет быйыл күзүндө ишке берилери айтылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Батыш автобекети болжол менен ушул жылдын күз айларында ишке берилерин билдирди. Бул тууралуу мэр 22-январда парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Бизге жаңы автобекет май-июнь айларында курулуп бүтөт деп жатат. Бирок биздин түзүлгөн шарттар боюнча күзгө чейин барат деп пландап жатабыз. Анткени кайра эле шашылыш түрдө, даяр болбогон жерге экинчи жолу көчүрбөй, иштер бүтүп, шарт түзүлүп, жоболор бүт аныкталган соң көчүрөбүз», — деди Жунушалиев.

22 Январь 2025 жыл 13:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча