Жаңы жыл түнү Ала-Тоо аянтынан таштанды аз чыгарылды

Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтынан 1,5 тонна таштанды чыгарылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, таштандынын көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу бир кыйла аз. Былтыркы жаңы жылды майрамдоодон кийин мындан үч эсеге көп — 5 тонна таштанды чогултулган.

Аянтты тазалоого бул ирет «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 60 кызматкери жана 6 атайын техникасы тартылды.

Жаңы жыл түнү борбордук Ала-Тоо аянтына 20 миңден ашуун шаар тургундары жана коноктору келишти.

Бишкек шаарынын мэриясы таштандыны жыйнап кеткен жарандарга тазалыкка кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.

2 Январь 2025 жыл 13:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча