Жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи качан өтөрү белгилүү болду

«Ала-Тоо» аянтында жаңы жылдык башкы балатыны жандыруу аземи 14-декабрь күнү саат 18:30да өтөт.

Мэриядан билдиришкендей,быйыл Ала-Тоо аянты трансформацияланат. Жарандардын ынгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аянт кеңейтилип, ар бир адам эс ала тургандай эс алуучу жайлар көбөйдү.

Майрамдын жүрүшүндө конокторго оюн-зоок иш-чаралары, музыка жана бий спектаклдери көрсөтүлүп, аниматорлор өз өнөрлөрүн тартуулайт. Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүү аянтчасы уюштурулат.

Мындан тышкары, ар кандай тамак-аштарды жана суусундуктарды сунуштаган тамак-аш зонасы болот.

«Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жаңы жылдык майрамдардын башталышын бирге тосуу үчүн бул салтанаткан чакырат. Жомоктун жана сыйкырдын атмосферасын тартуулап, миңдеген чырактар ​​жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаардын бардык тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот»,-деп айтылат билдирүүдө.

10 Декабрь 2024 жыл 17:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча