
Жазаларды аткаруу кызматы KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун мыйзамдуу укуктары бузулуп, 13-январдан тартып ачкачылык жарыялаганы тууралуу билдирүүсү боюнча комментарий берди. Мекеменин басма сөз кызматы Ташовдун айткандары чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
«И.Ташов мекеменин жетекчилигине себептерин көрсөтүү менен ачкачылык жарыялоо тууралуу арыз менен кайрылган эмес, ошондой эле ички эрежелерде белгиленген мөөнөттө тамак-аштан баш тарткан эмес», — деп жазылган мекеменин маалыматында.
Ошондой эле ЖАК шектүүлөрдү камакта кармоо тартибин жана эрежелерди белгилеп, жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратуранын туруктуу көзөмөлү бар экенин кошумчалаган.