
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) жаңы дайындалган жетекчиси Чыңгыз Кожошев 24-25-декабрда Бишкек шаарындагы №21 тергөө абагын (№1 тергөө абагы) жана №1, №3, №27, №31 колонияларды кыдырып, мекемелердин кызматкерлери жана соттолуучулар менен жолукту. Бул тууралуу ЖАКтын Фейсбуктагы баракчасында маалымдалды.
Кожошев кызматкерлерге мыйзамды жана тартипти так сактоону эскертип, абактагылардын укуктарын сактоого чакырды жана коррупциялык аракеттерге жол берилбей турганын кеп кылды.
Мекеме жетекчиси ошондой эле соттолуучулар менен жолугушууда абактардагы шарттарды жакшыртуу пландары жөнүндө айтып, алардын укуктарын толук сакталарын убада кылды. Ошол эле маалда ал абакта жаткандарды жаза өтөөнүн тартиптерин толук сактап, мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүгө чакырды жана криминалдык түшүнүктөрдөн баш тартууга үндөдү.
Чыңгыз Кожошев соттолуучуларга абактардагы абалды туруксуздаштырууга аракет кылган бардык аракеттерге, кызматкерлердин талаптарына жапырт баш ийбөө катталса, аларды коркутуу же зомбулуктар көрсөтүү болсо катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Жаза аткаруу кызматынын маалыматында соттолуучулар абактагы шарттар жана абактагы соңку окуялар жөнүндө айткан-атпаганы тууралуу жазылган эмес.