Жакында Ош – Каракол – Ош багыты боюнча аба каттамы ишке кирет

 «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Ош – Каракол – Ош багыты боюнча аба каттамын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Эми Кыргызстандын түштүк аймагынын жашоочулары үчүн Каракол тоо лыжа курортуна тез жана ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

«Ош – Каракол – Ош багыты боюна биринчи катам 9-январда аткарылат. Учурда жаңы каттамга билеттер сатыла баштады. Баасы 4600 сомдон башталат. Жаңы каттам өлкөнүн түштүгү менен түндүгүнун ортосундагы транспорттук байланышты гана жакшыртпастан, ички туризмди өнүктүрүүгө да чоң салым кошот», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, каттам жумасына эки ирет — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Эс алуучулар бир лыжаны же сноубордду учакта акысыз алып жүрө алышат.

27 Декабрь 2024 жыл 16:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча