
«Жалал-Абад» санаториясында минералдык суу аралашкан, дарылык касиетке ээ бассейн ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектердин ишин башкаруу боюнча дирекция» мекемесинин орун басары Венера Батырбекова жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.
Облус башчысы Тилек Текебаев санатория жамаатын куттуктап, бул аракет Жалал-Абад облусундагы жаратылышы кооз, Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиядагы туристтердин кызыгуусун жаратып келген «Жалал-Абад санаториясындагы» дагы бир жетишкендик экенин белгиледи.
Өкүл аталган жай аймактагы биринчи жолу минералдык суу аралашкан, дарылык касиетке ээ бассейн экенин белгилеп, мында жарандар үчүн ден соолугун чыңдоого жакшы шарт түзүгөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, «Жалал-Абад санаториясы» жылдан-жылга өзүнүн дарылоочу, эс алуу корпустарын жаңылап, инфраструктуралык шарттарын жакшыртууда. Санаторияда 2024-жылы 13 миңден ашуун ички жана чет өлкөлүк туристтер эс алган.