Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаевдин атынан чыкты.
Анда мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр айкѳл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталганы, шаардын аталышын ѳзгѳртүүгө жергиликтүү тургундардын кайрылуусу негиз болгону айтылат.
Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.
Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул шаарда көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Анын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык обьектилер курулуп, жасалды.
Быйыл 31-август — Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, анын алкагында ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.