Жамгырчиев Салим Абдувалиевге жолугуу үчүн Өзбекстанга мыйзамсыз өткөнү айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевге жолугуп, колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Бул тууралуу 10-январда Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жогорку Кеңеште комиссиянын корутундусун окуп жатып билдирди.

“Эмил Жамгырчиев жогорку саясий мамлекеттик кызмат адамы болуп туруп Орто Азияда белгилүү болгон Салим Абдувалиевден колдоо издөө максатында аны менен жашыруун жолугушуу үчүн 2022-жылдын декабрь айында Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Өзбекстандын Ташкент шаарына барган. Аталган жолугушуудан кийин Жамгырчиев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысын жашыруу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте чек арадан өтпөстөн болжол менен 2022-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын аймагынан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп Бишкекке келген”, — деди ал.

Алишер Эрбаев чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча Эмил Жамгырчиевге Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы да кылмыш ишин козгогонун айтты.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

10 Январь 2024 жыл 11:52

Тема боюнча