Кыргызстан 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорттобой калат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Көл ГЭСинин ачылыш аземинде билдирди.
Өлкө башчысынын айтымында, 2,5 жылда кышкы дефицит жоюлат.
“Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет. Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз. Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала бакчалар жана башка көптөгөн обьектилер салынып, алар да көп кубаттагы электр энергияны колдонгонуна байланыштуу электр энергиясынын дефицитин кууп жете албай жатабыз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу”, — деди президент.