Жапаров чек ара маселесин чечүүдөгү эмгеги үчүн Ташиевге ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча аткарылган иштер үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.

Делегаттардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы элдин бийликке ишеничи кайтканда гана, адилеттүү мамлекетти курууга болорун белгиледи.

Анын айтымында, чек ара маселесинин көп жылдар бою чечилбей созулуп келгени бир нече ирет олуттуу, атүгүл кайгылуу окуяларга себеп болгон.

«Чек ара маселелерин жөнгө салуу — бул жөн гана ийгилик эмес, бул эгемендүүлүктүн жана улуттук коопсуздуктун пайдубалы. Бул жаатта Камчыбек Кыдыршаевичке жана ал жетектеген өкмөттүк комиссияга ыраазычылык билдирем», — деди Жапаров.

Президент бардык талаштуу маселелердин тынчтык жолу менен аякташы кошуна мамлекеттер менен коңшулук мамилелерди чыңдоого жол ачарын кошумчалады.

25 Декабрь 2025 жыл 15:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча