Жапаров Путинге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү сунуштады

“Евразия” бейөкмөт уюму Россия менен Кыргызстан үчүн бирдиктүү билим берүү мейкиндигинин принциптерин иштеп чыгуу боюнча мамлекеттер аралык жумушчу топ түзмөй болду. Тийиштүү сунушту РФке Кыргызстан тарап бергенин РИА Новости жазды.

Биргелешкен иштердин алгачкы кадамдарын Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (СПЭФ) алкагында кыргыз өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов, Кыргызстандын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева, Мамлекеттик Думанын депутаты жана “Евразия” кеңешинин төрайымы Алена Аршинова талкуулашты.

Амангелдиев өз кезегинде кыргыз бийлиги мындай сунуш менен Россияга кайрылганын билдирди.

“Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров РФ президенти Владимир Путинге билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү боюнча биргелешкен мамлекеттер аралык жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Владимир Владимирович бул демилгени колдоду”, — деди Амангелдиев.

“Евразия” кеңешинин төрайымы Алена Аршинова форум аяктагандан кийин жумушчу топту түзүү иши дароо башталарын белгиледи.

ПЭЭФ 18-июнда башталган, эртең жыйынтыкталат.

20 Июнь 2025 жыл 17:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча