Жапаров: Трибунага чыгып ачык айткыла, чапаныңарды эч ким чечип албайт

Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда делегаттардын бири Асылбек Абдыкадыров “Азаттык”, «Кактус Медиа», «Политклиника» басылмаларынын өкүлдөрүнө сөз берүүнү сунуштады. Абдыкадыров аталган медиалар бийликти сындап келерин айтып, ойлорун угуп коюу туура болорун айтты.

Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев бул сунуш боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин сурады. Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, аталган медиалардын өкүлдөрүнө сөз берүүнү Элдик курултайда делегаттары чечерин айтты.

“Кандай гана маселе болбосун трибунага чыгып ачык айткыла. Чапаныңарды эч ким чечип албайт, бир тал чачыңар түшпөйт. Азыркы киши туура айтты. Сөз эркиндиги бизде бар, болуп келген, мындан ары дагы болот. Мен бүгүн дагы кайталап койсом. Сөз эркиндиги менен ушак айыңды, бирөөгө жалган жалаа жаап, мазактоону, анан калп айтууну алмаштырып албаса болду. Так факт менен айта бергиле», — деди Жапаров.

20 Декабрь 2024 жыл 13:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча