
Жалал-Абадда 32 жаштагы баланы өлтүргөн 18 жана 20 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.
2024-жылдын 9-декабрь күнү Жалал-Абад ОИИБне, Сузак районунун 1997-ж.т. К. кызы М. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 1992-ж.т. М.М. аттуу жолдошу, 2024-жылдын 21-ноябрь күнү саат 09:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дыйынсыз болуп жаткандыгын айтып кайрылган.
Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде, 2024-жылдын 13-декабрь күнү Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылынын таштанды таштаган жардын ичинен белгисиз жарандын жансыз денесин кездемеге оролуп, күйгөн абалда табылган.
2024-жылдын 14-декабрь күнү жансыз дене таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, аны таанып кароо жүргүзүү максатында, арыз менен кайрылган 1997-ж.т. К. кызы М. алып келген учурда, ал жансыз дене 1992-ж.т. М.М. аттуу дайынсыз болуп жаткан жолдошу экендигин кийип жүргөн кийимдеринен таанып билген. Ал эми кароо учурунда жансыз дененин алтымыш жеринде учтуу нерсе менен сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан, кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
2024-жылдын 14-декабрь күнү кылмышка шектүү катарында Жалал-Абад шаарынын 2006-ж.т. Д.Х. жана 2004-ж.т. М.А. аттуу тургундары кармалып, камакка алынган.
Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөр менен каза болгон жарандын ортосунда акча тууралуу пикир келишпестиктер пайда болгондугу жана дагы бир жарандын окуяга катыштыгы бар экендиги маалым болгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.