Жер бетинде 66 саат бою уланган магниттик бороон аяктады

Жер бетинде 66 саат бою уланган магниттик бороон аяктады. Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтуна караштуу Күн астрономиясы лабораториясы билдиргенин Report.az агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү башталган магниттик бороон күчү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири — G4 деңгээлине жеткен. «Магниттик бороон токтоду, геомагниттик көрсөткүчтөр “жашыл зонага” кайтты», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жердин айланасындагы күн шамалынын параметрлери бороондун кайра кайталаныш ыктымалдыгы абдан төмөн экенин көрсөтүп турат.

Бул жолу магниттик бороон 66 саатка созулуп, 2017-жылдын апрель айынан берки эң узакка созулган үзгүлтүксүз магниттик бороон болду. Ал 69 саатка созулган эле.

Жердеги магниттик талаанын бузулушу 5 деңгээлден турган шкала боюнча бааланат. Башкача айтканда G1 – алсызыраак, ал эми G5 – өтө күчтүү, экстремалдуу деңгээл болуп эсептелет.

4 Июнь 2025 жыл 17:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча