Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын Р.А.Р. аттуу кеңешчиси 2024-жылы 30-декабрда үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Мекеме маалымдагандай, шектүү кайсы жаран экени аныкталды, туруктуу жашаган жери такталды, ал шектелип жаткан кылмыш анча оор эмес деп эсептелет. Сот аталган жаранды үй камагына чыгарууда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине («Камакка алуу») таянган.
Козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 21-январга белгиленген.