ЖК комитети парламенттин өзүн-өзү таркатуу сунушун жактырды

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бүгүн, 23-сентябрда VII чакырылыштын өзүн-өзү таркатуу сунушун карады. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Бул маселе боюнча депутат Улан Примов маалымат берип, ал демилгечи топто 32 депутат бар экенин белгиледи.

«Эки маанилүү окуянын — президенттик жана парламенттик шайлоонун айырмасы эки айга жетпеген убакытты түзөт. Андыктан өлкөдөгү саясий системаны жана туруктуулукту бекемдөө максатында демилгечи топ парламентке ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен өткөрүп берүүнү сунуштап жатат», — деген пикирин билдирген Улан Примов дагы маанилүү жагдай — шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү экенин белгиледи.

Жыйынтыгында комитет бул сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна, анын ичинде парламенттин жыйынында кароо күнүн аныктоо үчүн Координациялык кеңештин кароосуна жөнөттү.

23 Сентябрь 2025 жыл 12:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча