ЖКда мектеп рэкетчилиги токтобой жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде айрым депутаттар мектептеги рэкетчилик олуттуу маселе бойдон калып жатканын белгилешти. Эл өкүлү Айсулуу Мамашева парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында калаадагы мектептердин биринде уруп-сабоого туш болгон окуучу мектепке баргандан коркуп жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күнгө чейин бул маселе өз жыйынтыгын бере элек. Бычакташканга чейин барган учурлар болгон. Милиция эч кандай реакция жасабай жатат. Билим берүү министрлиги дагы кандайдыр бир реакция жасап, ал бала эмнеге андай кадамга барды, кандай болуп жатат деп койсо болмок. Ата-энелер акыйкаттыкты издеп, таппай жатышат. Окуя жаңы жылдын алдында болгон. 11 жаштагы баласы ооруканага жатып, мектепке баргандан азыр дагы коркуп жатат», — деди Мамашева.

Ушул эле маселени комитеттин төрайымы, депутат Винера Раимбачаева да көтөрүп, бул багытта иш-чараларды күчөтүүнү сунуштады.

«Дагы эле бул маселе күчөп, дагы деле катталып жатат. Биздин балдар эле ушинтип жабыркап жатат», — деди ал.

Бишкек мэриясынын өкүлү бул окуя боюнча баланын ата-энесинен арыз, кайрылуу түшпөгөнүн, маалымат балдар менен иштөө комиссиясына берилгенин белгиледи.

20 Январь 2025 жыл 13:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча