
Мал жандыктар менен катталган жол кырсыктардын алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлерине кайрылып, төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет.
Жол эрежесинин 24.5 пунктуна ылайык, малды жол аркылуу, эреже катары, күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.
27.7 пунктунун негизинде малдын тобун айдоочуларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
-малды жолго кароосуз калтырууга;
-атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого;
-башка жолдор бар туруп асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого;
Жол кыймылынын эрежелеринин ушул пунктарынын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 190-беренесине ылайык, 1000 сом өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.
Жогорудагы жоопкерчиликтен тышкары, эгерде жол кырсыгына жолдогу мал себеп болгондугун соттук-техникалык экспертиза тарабынан тастыкталса, анда мал ээсинен транспорт каражатынын ээсине келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу талап кылынышы мүмкүн.
Эгерде ушундай жол кырсыгынан унаадагы адамдар денелеринен жаракат алса, анда мал ээлери алардын дарылануусун төлөп бериши керек. Ал эми, адамдар каза болуп калса, анда мал ээлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн.