Жогорку сот Temirov Live долбоорунун 3 журналистинин өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды

Бүгүн 25-февралда Жогорку соттун коллегиясы Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун ишин карады. Анда адвокаттар Нурсултан Жаныбеков менен Улан Сейитбековдун кассациялык даттануусу каралды.

Адвокаттар соттук коллегиядан журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун жана Айке Бейшекееванын күнөөсү жоктугун белгилеп, аларды актоону өтүнүштү.

Мамлекеттик айыптоо журналисттерге козголгон кылмыш ишиндеги кине соттук-лингвистикалык экспертизалардын жыйынтыгы менен далилденгенин айтып, алардын жазасын өзгөртпөөнү суранды.

Жогорку соттун коллегиясы кеңешүүдөн кийин үч журналисттин жазасы тууралуу Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.

Азамат Ишенбеков Бишкектеги ТИЗО-1 тергөө абагынан жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка, Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына жөнөтүлгөн.

Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.

25 Февраль 2025 жыл 14:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча