
Жогорку окуу жайларда чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу талабы коюлду. Бул тууралуу бүгүн билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулунун ЖОЖдордун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.
Анда министрдин 2024-жылдын 2-июлундагы буйругу менен бекитилген, чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча талкуу болду.
Жыйынга борбордук жана региондогу университеттердин өкүлдөрү катышып, маалыматтарды беришти.
Жыйында университеттердин окутуучуларынын англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча маселелер жана иш-чараларды аткаруу жана алардын натыйжаларын мониторингге алуу боюнча сунуштар каралды.