Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы жол тилкесинде оңдоо иштери мөөнөтүнөн он күн мурда аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жол бөлүгүндө эскирген магистралдык жылуулук тармактын узундугу 65 метр, диаметри 530 мм участкасы алмаштырылды.

Бул жылуулук түтүгү 1985-жылдан бери пайдаланылып келген жана өзүнүн нормативдик мөөнөтүн аяктаган.

Учурда аталган тилкедеги жол кыймылына коюлган бардык чектөөлөр алынды.

4 Июль 2025 жыл 18:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча