Журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын (УТРК) директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулу эркиндикке чыкты. Бишкектин Биринчи май райондук соту билдиргендей, тараптар жарашкандыктан судья 9-декабрда анын бөгөт чарасын өзгөртүп тергөө абагынан бошоткон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” жана “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренелери менен айып коюлган.

Адыл Акжол уулу кармалганы 12-августта белгилүү болгон. Биринчи май райондук сотунун маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага биринчи Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан.

Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы “Адыл Акжол уулунун сөзүндө массалык башаламандыкка чакырык жок” деп чыгып, ага коюлган айып “Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу” беренесине өзгөртүлгөн

9 Декабрь 2024 жыл 20:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча