Журналист Гүлжан Шерипбаева абактан чыкты

Nazar news сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаева 20-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкканын анын адвокаты Жаныш Бараков ырастады.

«Гүлжан Шерипбаеванын бөгөт чарасы 20-ноябрда Биринчи Май райондук сотунун токтому менен өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылды. Айыпталуучу макамы сакталат, сотко чейинки өндүрүш уланууда», — деди адвокат.

Шерипбаева 18-ноябрда 1-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (“расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча айып тагылган.

21 Ноябрь 2023 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча