Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду кармаганы белгилүү болду. УКМК бул тууралуу расмий комментарий бере элек.
Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, «алдамчылык» беренеси менен иш козголгонун «Азаттыктын» кабарчысына билдирди.
«Алдамчылык менен иш козгоп, бирок Ташовдун ишине байланыштуу диктафон жана төрт дискти алып кетишти. Мен кармалышымды адвокаттык ишмердүүлүгүмө байланыштырам. Мага каршы илинчек издеп атканы белгилүү болчу. Өткөн жумада эле «алдамчылык» беренеси менен иш козгошкон. Бирок бардык жарандык келишимдер бар. Иш козгой тургандай негиз жок».
Матцаковду күч органдарынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишти.