«Жылдын мыкты мугалими» сынагында 118 талапкер таймашат

Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагына быйыл 118 талапкер таймашат.

Ведомстводон билдиришкендей, быйылкы сынак Кыргызстандын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген мугалимдердин арасында өткөрүлүп жатат. Жалпысынан 18 номинация боюнча 118 мыкты педагог күч сынашат.

Конкурстун финалдык этабы 2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт. Финалга чыккан мугалимдер кесиптик чеберчилигин, чыгармачылык жөндөмүн жана заманбап билим берүү усулдарын колдонуудагы тажрыйбасын көрсөтүшөт.

Бул конкурс аркылуу өлкөнүн билим берүү системасында мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдердин коомдогу ордун дагы да жогорулатуу көздөлөт.

17 Сентябрь 2025 жыл 13:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча