
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кайгуул милициясы менен муниципалдык кызматтарга түндө жымжырттык тууралуу мыйзам кандай сакталып жатканын текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, иш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин элдин тынчын алууга тыюу салынган.
Адамдардын эс алуусуна, уктоосуна же тынч жашоосуна тоскоол болгон ар кандай катуу үн элдин тынчын алуу же тынчтыкты бузуу болуп эсептелет.