Баткенде YouTube аркылуу мыйзамсыз лотерея уюштурган адам кармалды

Баткенде алдамчылыкка жана YouTube каналы аркылуу мыйзамсыз лотерея уюштурууга шектелген 27 жаштагы эркек киши кармалды.

Шардык ИИБдин маалыматы боюнча, милицияга бир нече тургун кайрылган. Алардын айтымында, 2026-жылдын июнь айында шектүү алардын ишенимине кирип, Lexus, Hyundai Porter жана башка унааларын алып, бирок ээлерине акчасын берген эмес.

Мындан сырткары, «Апаз-ТВ» YouTube-каналындагы лотереядан жабыркаган жарандардан да арыздар түшкөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча, утуш оюну мыйзамсыз өткөрүлүп, келтирилген жалпы материалдык зыян 2 миллион сомдон ашкан.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жабыркагандардын санын аныктоодо.

16 Сентябрь 2026 жыл 11:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча