Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сомдон берилет

Кыргызстанда жумушсуз жарандарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сомдон кайтарымсыз колдоо көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор «Социалдык контракт» программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. 

Бүгүн аталган программаны баалоого арналган тегерек стол өтүп, ага министрдин биринчи орун басары Арлен Алиясов катышты. 

Анын айтымында, 12 айлык долбоор Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жана Кадамжай районунда ишке ашырылат. Колдоо расмий каттоодо турган бир жумушсуз жаранды ишке алган ишкерлерге берилет. Ишкерлерди тандоодо туруктуу кирешеси, сунуштаган эмгек акысы жана кызматкерлерди окутуу мүмкүнчүлүгү эске алынат. Мурда «Социалдык контракт» программасына катышкандарга артыкчылык берилет.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2022-жылдан бери программа аркылуу өлкө боюнча 60 миңге жакын аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлгөн. Катышуучулардын 93 пайызын аялдар түзөт.

30 Октябрь 2026 жыл 15:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча