Адахан Мадумаровго кол салуу болгонбу? ИИМ маалыматты төгүндөдү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги социалдык тармактарда таратылып жаткан саясатчы Адахан Мадумаровго кол салынды деген маалыматтарды төгүндөдү.

Ведомстводон аталган маалыматты текшеришкенин билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул маалымат тастыкталган жок.

ИИМ жарандарды чындыкка коошпогон маалыматтарды таратпоого жана расмий булактардагы маалыматтарга таянууга чакырды.

29 Октябрь 2026 жыл 11:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча