Быйыл 11 миңге жакын чет элдик мигрант Кыргызстандан чыгып кеткен

Быйыл 11 миңге жакын чет элдик мигрант Кыргызстандан өз ыктыяры менен чыгып кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы бул көрсөткүч 9 миңге жакын адамды түзгөн.

Ошондой эле мыйзамдарды бузган мигранттар кайра өлкөгө кире албай, «кара тизмеге» киргизилерин белгиледи.

22 Сентябрь 2026 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча