Бишкекте үч эркек үч эм төрөлдү

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаардык перинаталдык борборунда кесарево операциясынын жардамы менен үч эм төрөлдү.

Бишкек шаарынын 26 жаштагы тургуну 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөт коркунучу, аз кандуулук жана шишиктер менен перинаталдык борборго жаткырылган. Бул анын үчүнчү төрөтү.

Үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлгөн. Ымыркайлардын салмагы 2750, 2600 жана 2750 граммды түздү.

Учурда эне менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык.

17 Сентябрь 2026 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча