Чет мамлекетте берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү эми Түндүктөн көрүүгө болот

Чет мамлекетте берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктү эми «Түндүк» мобилдик тиркемесинин «Санариптик документтер» бөлүмүнөн көрүүгө болот.

Мекемеден билдиришкендей, бул үчүн документти алгач «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө борборунда санариптештирүү зарыл.

«Процедура аяктагандан кийин күбөлүк «Түндүк» тиркемесинде автоматтык түрдө көрсөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

21 Октябрь 2026 жыл 10:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча