Чубак Жалиловго каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Эл баатыры» наамы ыйгарылды

Белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловго каза болгондон кийин «Кыргыз Республикасынын Эл баатыры» мамлекеттик жогорку наамы ыйгарылды.

Сыйлыкты бүгүн анын уулу Абдулла Жалилов «Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаровдун колунан алды.

Абдулла Жалилов бул сыйлык атасынын эмгегине берилген жогорку баа экенин белгилеп, мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдирди.

Чубак Жалилов 2020-жылы дүйнөдөн кайткан. Ага наам диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга жана маданий-диний салттарды сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди.

14 Сентябрь 2026 жыл 13:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча