Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков медицина кызматкерлеринин укуктук жана кесиптик жактан корголушу боюнча маселени көтөрдү.
Депутат балдар нефрологу Насира Бейшебаевага байланыштуу акыркы окуяга токтолуп, медицина кызматкерлеринин кесиптик ишмердигине байланышкан жагдайлар объективдүү медициналык экспертизанын жана мыйзам талаптарынын негизинде бааланышы керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал медицина кызматкерлеринин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруунун натыйжалуу системасын түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, медициналык жардам көрсөтүү учурунда күтүлбөгөн татаалдашуулар болуп, бейтапка зыян келтирилген учурларда бейтаптын укугун коргоо менен бирге ак ниет иштеген дарыгерлерди негизсиз материалдык жана укуктук басымдан коргой турган механизмдер зарыл.
«Мындай камсыздандыруу дарыгерди жоопкерчиликтен бошотпойт. Эгер күнөөсү мыйзамда белгиленген тартипте далилденсе, жоопкерчилик болушу керек. Ал эми медициналык жардам көрсөтүүдө күтүлбөгөн татаалдашуулар болгон учурлар адилеттүү жана кесипкөй бааланууга тийиш», — деди депутат.
Ал белгилегендей, бейтаптын да, медицина кызматкеринин да укуктары мыйзам менен корголууга тийиш.