Депутат: Көк бөрү оюнубузду кырсыктын айынан жок кылып алабызбы?

Кырсыктын айынан көк бөрү оюнун жок кылууга аракет кылган күчтөр бар, буга жол бербешибиз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Депутат Балбак Түлөбаев оюндун шартын татаалдаштырып, иретке салууга чакырды. 

“Кылымдардан бери ойноп келе жаткан көк бөрү оюнубузду кырсыктын айынан жок кылып алабызбы? Мындай өлүм-житим, тилекке каршы, бардык эле спортто болуп турат. Кырсык экен да… Күнөөлүүлөрдү жазалап, оюнду кайра уланта беришибиз керек”, — деди эл өкүлү. 

2 Апрель 2025 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча