1-июнда Германиянын Боден көлүнөн 24 жаштагы кыргызстандык кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Германиянын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 1-июнда Боден көлүндө 2002-жылы туулган С.А.нын сөөгү табылган.
Маалыматта белгилегендей Германиядагы элчилик окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү органдар менен иш алып барууда.
Ошондой эле маркумдун жакындары менен байланышта экени айтылды. Учурда сөөктү мекенине алып келүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатат.