IV Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.
Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин маалыматы боюнча, эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, алардын кат түрүндө жана айтылган сунуш-пикирлери, президенттин сунушу IV Элдик курултайдын резолюциясында эске алынган.
Алар Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан иш-чаралар планы катары иштелип чыккан соң, президенттин администрациясы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.
IV Элдик курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы Мамбеткерим Чекиров резолюция боюнча иш-чаралар мындан ары жүргүзүлөрүн белгиледи.