Мектептердеги окуу китептеринин тартыштыгы жана китептердин базарларда сатылып жатышы боюнча жыйын өттү.
Жыйынга депутат Дастан Бекешев, агартуу министринин орун басары, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору жана «Учкун» ААКсынын жетекчиси катышты.
Жыйында мектептер үчүн басылып чыккан окуу китептерине QR-код же штрихкод киргизүү маселеси талкууланды. Анын жардамы менен китептин кайсы буйрутманын негизинде басылганын, кайсы аймакка, мектепке жана класска жөнөтүлгөнүн аныктоого болот. Бул китептердин кыймылын көзөмөлдөөгө жана алардын сатууга кандай жол менен түшүп жатканын аныктоого шарт түзөт.
Бул маселе Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында да көтөрүлгөн. Анда мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууга байланыштуу кошумча 600 млн сом бөлүү маселеси каралган. Депутат Дастан Бекешев «Дордой» базарынан «Сатууга болбойт» деген белгиси бар, «Учкун» ААКсында басылган 3-класстын математика китебин сатып алганын билдирген.
Мындан улам Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү органдарга окуу китептеринин мектептерге жетпей, соода түйүндөрүнө кандайча түшүп калганын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүүнү тапшырган.