Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу мектептеги окуу китептерине бөлүнгөн бюджеттик каражаттар кандай сарпталганы боюнча мамлекеттик “Учкун” басмаканасы парламентке отчёт берүүсүн талап кылды.
Депутат “Учкун” басмаканасы окуу китептерин чыгарууга монополия жүргүзүп, тендер жок китептерди каалагандай чыгарып жатканын билдирди.
Ушуга байланыштуу эл өкүлү мамлекеттик сатып алууларга тендер системасын кайра киргизүү керектигин белгиледи.