Кыргызстанда соңку суткада үчүнчү жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү болжол менен 3 баллга жеткен. Жер алдындагы силкинүүлөр саат 10.23тө байкалган.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Кара-Көл шаарынан 1 чакырым түштүктө, Кара-Көл айылынан 8 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.Силкинүүнүн күчү Кара-Көл шаарында жана Кара-Көл айылында 3 баллды түздү.
Эске салсак, буга чейин сейсмологдор бүгүн өлкөдө болгон дагы эки жер титирөө тууралуу кабарлашкан.