Манас шаарында көп кабаттуу үйдүн сыртын жасалгалап жаткан эки жумушчу кулап кетип, каза болушту. Бул тууралуу милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-сентябрда болгон. Жумушчулар 11-кабаттын деңгээлинде жасалгалоо иштерин жүргүзүп жаткан маалда аларды көтөрүп турган люк сынып кеткен. Натыйжада 23 жана 22 жаштагы эки жигит бийиктиктен кулап, алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза тапкан.
Учурда факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуянын чоо-жайын, техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын тактоо максатында тиешелүү соттук-медициналык жана техникалык экспертизалар дайындалды.