АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Манхэттен районунда дүйнөдөгү эң бийик түрмө комплекстеринин бири курулат. Бул тууралуу BILD басылмасына шилтеме берип, Казинформ жазды.
Долбоор боюнча 13 кабаттуу имараттын бийиктиги 102 метрди түзөт. Ага миңден ашуун адам жайгаштырылат. Имаратта коомдук жайлар, жалгыз камералар, террасалар жана баскетбол аянтчасы болот.
Долбоор расмий эмес түрдө “Jailscraper” деп аталууда. Ал эми бул англис тилиндеги “jail” — “түрмө” жана “skyscraper” — “асман тиреген имарат” деген сөздөрдүн айкалышынан алынган.
Имарат сыртынан заманбап кеңсеге окшош болот. Фасады айнектен жасалып, айланасына жашыл аймактар уюштурулат. Камактагылар терезеден асманды көрө алышат, ал эми атайын темир тор алардын төмөн жакты көрүшүнө жол бербейт.
Анткени менен долбоор адистер арасында талкуу жаратууда. Архитектор жана криминолог Андреа Зелихтин пикиринде, түрмөлөр беш кабаттан бийик болбошу керек. Анын айтымында, ачык мейкиндик жана жер менен байланыш камактагылардын эркиндикке чыккандан кийинки жашоого кайра ыңгайлашуусуна маанилүү.
Жаңы түрмө Райкерс аралындагы көйгөйлөр көп айтылып келген эски түрмө комплексин акырындап жабуу жана анын ордуна жаңы жайларды куруу планынын бир бөлүгү болот. Долбоордун баасы болжол менен 3,9 млрд доллар деп бааланууда.
Түрмөнүн сот имаратына жакын жайгашуусу камактагыларды шаар аркылуу ташуу зарылдыгын азайтууга тийиш. Ошол эле учурда Манхэттендин айрым тургундары курулуш маалындагы ызы-чуу, чаң жана коңшу имараттарга зыян келиши мүмкүн экенине тынчсызданышууда.