Рекорд: Таласта 1 гектар жерден 10 тонна буудай жыйналды

Талас облусунун Манас районунда 2026-жылы бир гектардан 100 центнерге же 10 тоннага чейин буудай түшүмү жыйналды. Бул республика боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Кыргызстан боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 50–55 центнерди түзөт. Ошентип, Манас районунун айрым чарбаларындагы көрсөткүч орточо республикалык деңгээлден дээрлик эки эсе жогору.

Белгиленгендей, жогорку түшүмгө заманбап агротехнологияларды колдонуу, сапаттуу үрөн материалын пайдалануу жана агротехникалык иш-чараларды өз убагында жүргүзүү аркылуу жетишүү мүмкүн болду.

Адистер заманбап технологияларды киргизүү жана сапаттуу үрөндөрдү колдонуу түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана дан эгиндерин өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берерин белгилешет.

15 Сентябрь 2026 жыл 14:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча