Өлкө башчысы Садыр Жапаров жөнүндө “Президент” деп аталган документалдуу тасма сунушталуу алдында турат. Бул тууралуу журналист Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Анда президент Садыр Жапаров соңку 4-5 жылдагы негизги саясий окуяларга кенен токтолуп, буга чейин коомчулукка чыга элек маалыматтар менен бөлүштү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да биз менен ачык болду деп айта алам.
Документалдуу тасма төрт сериядан турат. Биринчи сериясы 5-январда саат 19:00дө, калганы 6-7-8-январда Айбек Бийбосун уулу ютуб каналына жарыяланат”,-деп билдирүү калтырган ал.