Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт.
Мэриядан билдиришкендей, эртең, 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймак, ошондой эле Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт.
Суу берүү “Контррезевуар” суу топтомосунда профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.