Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду убагында президент Садыр Жапаров чакырып, “кылмыштуу иш-аракеттериңерди токтоткула” деп айтканын кайталады.
Камчыбек Ташиев кыргыз милициясынын 101 жылдыгына байланыштуу айрым кызматкерлерди сыйлоо иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө бирок алар “кылмыштуу иштерин” токтотпогонун айтып, мыйзамдуу чара көрүүгө туура келгенин айтты.
“Мен силерге бир мисалды айтып берейин. Биздин бир министр мага ыйлап келди. “Отурсам телефонума видео чалуу келди. Алсам ары жагында Көлбаев турат. “Ушул-ушул жумуштарды бүтүрбөсөң азабын тартасың” деди. Мен арыз жазып жумуштан кетем” деди. Мен сага жооп берем, кызматтан кетпейсиң деп алып калып мен чара көрүүгө милдеттүү болдум. Алар кимдер депутат болуш керек, кайсыл партиялар өтүш керек (ред: Жогорку Кеңешке), ким кайсы шаарга мэр болуш керек, ушул маселени да чечип калышкан”, — деди Камчыбек Ташиев.
Атайын кызматтын төрагасы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү укук коргоо органдарын тоготпой, өзүлөрүнүн кишилерин УКМКга чейин жумушка киргизип койгон фактылар бар экенин, алар кызматтан алынганын кошумчалады. Ошондой эле Кыргызстанда мындай топтор түп тамыры менен жок кылынганын билдирди.