«Учкун» басмаканасына жеке мектептерге окуу китептерин сатууга тыюу салынды

Агартуу министрлиги «Учкун» басмаканасына жеке мектептерге окуу китептерин сатууга тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында «Учкун» ААКсынын өндүрүш боюнча директору Кубат Бейшеев билдирди.

«Бүгүнкү маектен уруксатты кайра чакырттып жатышканын уктум. Мейли, бизге андан да жакшы, тынчыраак болот. Эми министрлик жеке билим берүү мекемелеринен маалымат чогултуп, буйрутманы топтоп, кимге канча сатуу керектиги боюнча тапшырма берет», — деди Кубат Бейшеев.

Ал буга чейин басмакана окуу китептерин каалоочулардын арызына ылайык, чектөөсүз сатып келгенин белгиледи. «Бизде сатып алуучуларды текшерүү укугу жок болчу», — деп кошумчалады Бейшеев.

Буга чейин ата-энелер 12 жылдык окутууга өтүүнүн алкагында басылып чыккан жаңы окуу китептеринин жетишсиздигине даттанышкан. Алардын айтымында, китептерди өздөрү сатып алууга туура келүүдө — алар өлкөнүн базарларында эркин сатылууда. Ошондон кийин министрлер кабинетинин башчысы укук коргоо органдарына текшерүү уюштуруп, окуучуларды акысыз камсыздоого арналган китептердин соода түйүндөрүнө түшүү булактарын жана чоо-жайын аныктоону тапшырган.

17 Сентябрь 2026 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча