Ысык-Атада мектепте иштебеген адамдарга мыйзамсыз айлык акы төлөнүп келгендиги аныкталды

Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Ак-Сай айылындагы И.Байбеков атындагы орто мектепте иш жүзүндө иштебеген адамдарга мыйзамсыз түрдө эмгек акы төлөнүп келгендиги аныкталды.

Маалыматка ылайык, мектептин жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө тизмелерине жалган маалыматтарды киргизип, иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы эсептеп турушкан.

Натыйжада мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

16 Сентябрь 2026 жыл 9:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча