Жапониядагы Азия оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын курама командасынын акыркы тизмеси белгилүү болду.
Азия оюндарынын алкагындагы таймаштар 10-сентябрда эле башталган, бирок расмий ачылышы 19-сентябрга пландалган.
Кыргызстандын курама командасынан биринчилерден болуп футболчулар чыгат, алар 16-сентябрда Таиландга каршы ойношот.
Жалпысынан Кыргызстандын командасынын курамына 28 спорт түрү боюнча 174 спортчу кирди:
— күрөш — 15
— дзюдо — 13
— сууда сүзүү — 3
— жаа атуу — 6
— оор атлетика — 1
— кылычташуу (фехтование) — 5
— жеңил атлетика — 3
— триатлон — 4
— спорттук гимнастика — 2
— көркөм гимнастика — 7
— таэквондо WT — 3
— тапанча менен атуу — 7
— байдарка жана каноэде сүзүү — 4
— бокс — 6
— кураш — 7
— карате-до WKF — 4
— ушу-саньда — 4
— ММА — 4
— киберспорт — 3
— жиу-житсу — 9
— гольф — 2
— волейбол — 24
— кус үстүндөгү волейбол — 2
— заманбап беш тармактуу спорт — 3
— желкен спорту (парусный спорт) — 2
— үстөл тенниси — 4
— текбол — 2
— футбол — 25